Жактоо укугу

Википедия дан

Жактоо укугу ― адамдын конституциялык укугун коргоо. Жактоонун милдети ― жазык жана жарандык сот өндүрүштөрүнө тиешелүү иштин талаптагыдай аткарылышын жөнгө салат. Кыргызстандын Конституциясы жарандардын бардык укуктарын жана эркиндиктерин толук, сөзсүз жана токтоосуз сот аркылуу корголушуна кепилдик берет. Кыргызстандын ар бир жаранына квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1