Жакупова Чолпон Идиновна
Жакупова (Джакупова) Чолпон Идиновна (1959-жылы 25-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стельников айылында туулган) --«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фондунун директору [1], 2015-жылдын октябрынан бери «Бир Бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп келген.2017-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө макул эместигинен улам депутаттыктан баш тарткан.
Билими жана илимий даражасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Archived 2020-07-17 at the Wayback Machine тарых факультетинин, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бүтүрүүчүсү. Тарых илимдеринин кандидаты, 2 монографиянын, 7 окуу китебинин жана адам укуктары боюнча 9 жыйнактын автору.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмгек жолун 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1995-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаментинин директору, андан кийин миграция боюнча регионалдык борбордун директорунун орун басары болуп иштеген. 1999-жылдан тарта “Миграция жана качкындар маселеси боюнча регионалдык борбор” коомдук фондунун директорунун орун басары болуп иштеген.
2002-жылдан бери “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору
«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фондунда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду – Кыргызстандагы эң ири укук коргоо уюмдарынын бири, ал бүгүнкү күндө өзүнүн катарына 40 юристтерди жана адвокаттарды, ошондой эле юридикалык кесипте окуп жатышкан студент-волонтерлерди бириктирип турат. Клиника өздөрүнүн укуктарын жана эркиндигин коргоого муктаж калктын өтө аялуу катмаларына акысыз укуктук жардамдарды көрсөтөт, алар:
- Мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендерге
- Качкындарга жана башпаана издеген адамдарга
- Айыл жериндеги жашаган аялдарга
- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга
- Апатриддерге [2]
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2008-жылы Жакуповага адам укуктарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Эң кайраттуу аял” сыйлыгы ыйгарылган [3]
“Альфа” атайын багыттагы күчтөрдүн ардагерлеринин коомдук бирикмесинин Ардак грамотасы
Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн көптөгөн грамоталары жана сертификаттары, Жогорку Кеңештин медалы бар.
Жеке турмушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жолдошу каза болуп калган, эки баланын энеси.
Кошумча маалымат үчүн:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы айтылды. Азаттык үналгысы. 15-Февраль, 2022
Дарья Подольская. Антиконституционной назвала Чолпон Джакупова идею Минкульта по блокировке сайтов. ИА «24.kg», 21 февраля 2022
Мундузбек Калыков. Деградация, кустуризация и справедливость за деньги. Правозащитница Джакупова пожаловалась Жапарову на суды и правоохранителей. kloop.kg, 06 октября, 2021,
Джакупова Чолпон Идиновна — биография. Sputnik Кыргызстан, 12.12.2016 (обновлено: 14:39 20.12.2021)
«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду. Публикациялар.