Жакындатылган эсептөөлөр

Википедия дан

Жакындатылган эсептөөлөр - тиешелүү чоңдуктардын чыныгы так маанисине жакындатылып алынган маанилери катышкан эсептөөлөр.

Ченөөдөн же өлчөөдөн белгилүү бир каталык менен алынган сандар Жакындатылган эсептөөлөрдөн алынган болот. Сандар так маанилери менен алынса да эсептөөчү формула жакындатылган формула болушу ыктымал.

Жакындатылган сан канчалык тактык менен алынгандыгы айтылышы керек. Практикада жакындатылган сандын акыркы цифрадан башкасы ишенимдүү болуп, акыркысы бир бирдиктен ашпаган чоңдукта алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.