Жакырчылыктын жоюлушу жана иш менен камсыз кылуу

Википедия дан

Жакырчылыктын жоюлушу жана иш менен камсыз кылуу - «Иш менен камсыз кылуу» маселеси боюнча эмгек рыногунун кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү изилденди.

Эркектердин эмгек рыногуна катытуусунун даражасы бардык областтар боюнча айыл жеринде да, шаар жеринде да бирдей жогору, бирок бул процент айыл жеринде жогорураак. Алардын эмгек рыногуна катышуучунун эң жогорку проценти Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад областтарында. Иш менен камсыз болгон калктын арасынан эркектердин арасындагы жумушчулардын жана аялдардын арасындагы кызматчылардын проценти эң көп. Жумушчулар негизинен айыл чарбасынын, өнөр жайынын чөйрөсүндө жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштейт. Кызматчылардын көпчүлүгү (59,2%) тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Эркектердин да, аялдардын да эң чоң процентин мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер көрсөтүштү.

Жумушсуздуктун эң көп деңгээли Талас жана Жалал-Абад областтарында белгиленди. Эркектердин арасындагы жумушсуздардын проценти айылдык жерлерге караганда, шаар жерлеринде жогору (тиешелүү тартипте 15,7% жана 13,0%). Жумушсуздукка калктын бардык жыныс курактагы топтору камтылган, бирок ага кыйла даражада жаштар да дуушар болууда. 1625 жаш курактык топтогу жумушсуздуктун деңгээли эң жогору (18,9%). Ошондой эле билим берүүнүн деңгээли менен жумушсуздуктун ортосунда өз ара байланыш бар. Аялдардын арасында жумушсуздуктун деңгээли башталгыч билими болгондордо гана эң жогору, билим деңгээли жогорулаган сайын алардын арасындагы жумушсуздук да төмөндөйт. Эркектердин арасында жумушсуздуктун деңгээли «бүткөн орто жана башка» билими болгондордо эң жогору. Аялдардын арасында да, эркектердин арасында да, жумушсуздуктун деңгээли жогорку билими болгондордукунан төмөнүрөөк. Өз кезегинде жумушсуздар жумушсуздуктун узактыгы боюнча бөлүнүшөт.

Жумушсуздардын көпчүлүк бөлүгү (71,9%) 12 жана андан ашуун айлар бою иштебейт. Жумушсуздардын экинчи эң чоң тобу (14,3%) жакындан бери эле (3 ай жана андан азыраак) иштебей калгандар. Бул аялдар үчүн да, эркектер үчүн да адилеттүү. Бирок 35-66 жана 56-60 жаш курак топторунда жумушсуздуктун узактыгы 16-25 жана 26-36 жаш курак тобундагылардыкынан жогору. Жумушсуздуктун эң жогорку узактыгы Нарын жана Жалал-Абад областтарында. Улуттук изилдөөнүн маалыматтары жумушсуздардын саны жөнүндөгү гана маалыматты сунуш кылбастан, о. э. жумушсуздар иш издөөдө пайдаланышкан методдорду аныктоого жардам берди. Жумуш издөө үчүн адамдар ар кыл методдорго кайрылышат.

Жумушсуздар кыйла көбүрөөк жумуш издегенде уюмдар менен ишканаларга жеке кайрылышат. Жалпысынан, республика боюнча жумушсуздардын 84,3%и ушул методду пайдаланышат. Жумушсуздардын иш издешинин кыйла кеңири таралган экинчи методу «үй-бүлөлүк байланыштар» (48,0%) болуп эсептелет. Жумушсуздардын азыраак проценти (2%) ишти массалык маалымат каражаттары аркылуу издешет. Жумушсуз аялдар эмгекке орноштуруу кызматын эркектерге караганда кыйла көбүрөөк пайдаланышат. Изилдөөнүн маалыматтары боюнча жумушсуздардын 24,5%и гана иш менен камсыз кылуу борборлорунда катталган. Катталган жумушсуздардын арасында аялдар көбүрөөк процентти (34,1%) түзүшөт. Эркектерде бул көрсөткүч 18,8%ке барабар.

Изилдөөдө жумушу жок жарандар жумушсуздар катары катталышпагандыгынын себептери табылды. Биринчиден, 16-25 жана 26-35 жаш курак тобундагыларда респонденттердин көпчүлүк бөлүгү бул суроого ал туурасында эч нерсе билбейбиз деп жооп кайтарышкан (тиешелүү тартипте 45,2% жана 29,5%). Экинчиден, улуу курактагы респонденттер бул суроого жооп катары пособиелердин эң аз суммасына шылтоо кылышты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9