Жак-Ив Кусто
Жак-Ив Кусто (Cousteau, 11. 6. 1910, Бордого жакын Сент-Андре-де-Кюбзак — 25. 6. 1997, Париж) — француз океанографы жана кино режиссёр, Франция академиясынын (1988), АКШ Улуттук Илимдер академиясынын (1968) мүчөсү. Бресттеги деңиз мектебин бүтүргөн (1930). 1936-жылы аварияга учуpaп, окуусун уланткан эмес. Кусто 1943-жылы инженер Эмиль Ганьян менен бирдикте аквалангды скафандрасы менен (аны менен деңиз түбүнө 90 мге чейин түшсө болгон), кийинчерээк жарык берүүсү бар суу өткөрбөөчү камераны, суу астындагы иштөө мүмкүнчүлүгү бар алгачкы телевизор системасын ойлоп тапкан. 1950-жылы «Калипсо» кемеси менен экспедицияга чыккан. Алардын алгачкы ийгилиги археологиялык изилдөө жана деңиздин түбүн сүрөткө түшүрүү (7250 мге чейин) болгон. Суу астындагы үйлөр, «Чумкуучу тарелка» аппараты ж. б. ойлоп табуулары бар. Кусто «Жымжырттык дүйнөсүндө» («В мире безмолвия») ж. б. көптөгөн кеңири белгилүү китептердин автору. Дайвинге арналган «Жымжырттык дүйнөсүндө» фильми (1956, Л. Маль менен бирге), Канн ЭКФтин баш байгесине, «Оскар» сыйлыгына (1957) ээ болгон. Белгилүү фильмдери: «Он сегиз метр тереңде» (1943), «Алтын балык» (1958, «Оскар» сыйлыгынын),«Жарыксыз дүйнө» (1964) ж. б. 1968—76-жылдары 36 фильмден турган «Жак Кустонун суу түпкүрүндөгү дүйнөсү» сериалы чыккан. «Кустонун суу түпкүрүнө саякаты» (1977—82), «Түндүк Америкадагы окуялар» (1982), «Амазонка» (1982—85), «Космостогу оазис» (1977), «Дүйнөнү кайрадан ачабыз» (1982—94), «Жак Ив Кусто» (1995—97) телесериалдары да бар. Анын идеяларын жана ачылыштарын көзү тирүү кезинде түзүлгөн Кусто коому жана Кусто командасы жайылтууда. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9