Жак-Луи Давид
Жак-Луи Давид (1748–1825) – француз живописчиси. Париж жана Римде (1775-80) окуп, 80-жылдары революциячыл классицизмдин көрүнүктүү өкүлү катары таанылган. Ал кездеги сүрөттөрүнүн көбү (“Горацийлер анты”, 1784; “Ликторлор Брутка анын уулдарынын сөөгүн алып келди”, 1789) көркөм чыгармачылыктын граждандуулугунун үлгүсү деп эсептеген антик дүйнөдөгү каармандыкка байланыштуу тартылган. Д. француз буржуазиялык революциянын тушунда активдүү якобинчи болуп, ал революциялык маанай чыгармаларында да чагылдырылган [“Топ ойноочу залдагы ант” (1791); “Мараттын өлүмү” (1793), Конвенттин мүчөлөрү Б. Барердин трибунадагы (1793), Ф. Жерардын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү (1791) ж. б.]. Кийинчерээк Наполеондун купулуна толгон. Д. анын заказдарын да чеберлик менен аткарган (“Такка отуруу шааниси”, 1805–07; “Наполеон Сен-Бернардан өткөндө”, 1800). XIX кылымдын башында Д. француз академизминин беделдүү өкүлү болуп калат. Бурбондор такка кайра келгенде, Д. 1816-ж. Брюсселге кетүүгө аргасыз болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004