Жалал-Абад баткак кени

Википедия дан

Жалал-Абад баткак кени Жалал-Абад облусундагы чым көңдүү дары баткак жаткан жер. Жалал-Абад шаарынан 5 км түштүк-чыгыш тарапта, Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070–1075 м бийктикте. 1932-жылдан белгилүү. Кен эки башка саздак участкадан турат. Жалпы аянты 7520 м2. Эң үстүндө кумдуу топурак (калыңдыгы 0,2–0,3 м), астында каралжын күрөң түстөгү эзилген чымкөң баткагы (калыңдыгы 1,5 м) жатат. Дары баткактын 0,25 ммден кесек бөлүкчөлөр менен булганышы 4,7%, өсүмдүк калдыктарынын чириши 82%ке жетет. Баткактын суюк ылайы 47–78%, сульфат натрийлүү, өтө карбонаттуу (коэффициенти 0,18–0,89). Кристаллдык скелет 10,864–11,953%. Коллоиддик комплекс 10,717–14,557. Запасы 20,2 миң т. Кендин жана ал жерден чыккан минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]