Жалал-Абад минералдуу суусу

Википедия дан

Жалал-Абад минералдуу суусу Жалал-Абад облусундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта, Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 980 м бийиктикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. жана гидрогеол. изилдөөлөр 1915-ж. башталган. Булактар чыккан жерде антропогендин лёсс сымал кумтопурагы (калыңдыгы 30 м), юра жана бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, конгломерат ж. б. чөкмө тектер жатат. Аларды альпы тектогенезиси бүктөлүүлөргө дуушарлантып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Суу антиклиналга жарыш кеткен тектоникалык жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө жана бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 м тереңдиктен) агып чыгат. Мында Айыпбулак, Кызбулак, Акбулак, Жаңыбулак, Шорбулак, Узунжылга, Чаңгырташ деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 м3). Суу топтолгон катмардын астында жана үстүндө чопо катмары жатат. Суунун температурасы 21–43,5°С, жалпысынан суунун курамы сульфат-гидрокарбонат-хлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН-7,0–7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдашкан (1,2–7,4 г/л). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор жана органикалык заттар бар. Кремний кислотасы 35,0 мг/л, көмүр кислотасы 35,0 мг/л, күкүртүү суутек 2,0 мг/лге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 л/сек (1965). Суу ашказан, боор, өт ж. б. ооруларына шыбаа берет. Имараттарды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Анын базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Запасы суткасына 1,814 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]