Жалал-Абад чопо кени

Википедия дан

Жалал-Абад чопо кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 2 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 793–858 м бийиктикте. 1970-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы калыңдыгы 3,0 мден 44,0 мге чейин болгон кумайлуу чоподон түзүлгөн. Кумайлуу топурак бор, неоген жана байыркы антропоген мезгилдеринде пайда болгон катмарлардын үстүндө жатат. Кумайлуу чопо саргыч-боз түстө. Андан «75» жана «100» маркадагы кирпич, «400», «500» жана «600» маркадагы суукка чыдамдуу аглопорит алууга болот. Запасы В категориясы боюнча 3422 миң м3, С2–4785 миң м3, 1996-жылга карата калган запасы: В–308 миң м3, С2–4785 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]