Жалбырак түшүү

Википедия дан

Жалбырак түшүү - бак-дарак, бадал, кээ бир чөп өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын жапырт күбүлүшү; бул - жалбырактын «картайышына» байланышкан нормалдуу физиол. процесс.

Мелүүн алкактагы өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү жалбырактарын күзүндө түшүрүп, жазында кайра байлайт. Тропик жана субтропик өсүмдүктөрү жалбырактарын кургакчылык мезгилде түшүрүп, ным жетиштүү болгондо кайрадан жалбырактайт.

Дайыма жашыл өсүмдүктөр жалбырактарын акырындык менен бирин-серин түшүрөт. Жалбырагы түшөрдө даракта, бадалда физиологиялык, биохимиялык ж. б. өзгөрүүлөр болот. Азык заттар, өзгөчө белоктор башка органдарына жылгандыктан өсүмдүктө таштанды минерал заттар топтолот; хлорофилл пигменти бузулат, каротиноиддер копко сакталгандыктан, күзүндө жалбырактар саргыч, кызгылт түстө келет да, шамал ж. б. сырткы факторлордун жардамы менен өсүмдүктөн күбүлүп түшөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.