Жалган муун

Википедия дан

Жалган муун — сөөк сынганда же оорудан бузулганда анын учтарынын бири-бири менен биригип бүтпөй калышы. Ал көбүнчө аябай ажыраган сыныктардын ортосуна булчуң эттер же башка ткандар тыгылганда, теринин чоң жери жабыркаганда, ошондой эле кашка жиликтин моюнчасы сынганда (сынган сөөктө кандын айланышы бузулгандыктан) болот. Жалган менен негизинен шыйрактын эки сөөгү тең сынганда байкалат. Өтө сейрек кезигүүчү тубаса Жалган муун жатындагы баланын сөөк кемтигинде болот. Анын сынык учтарында бара-бара муунга окшогон кемирчек, аны тегерете курчаган чел кабык, ичинде муун суюктугу пайда болот. Негизги белгилери — буту-кол начар иштеп (бутка туруп баса албайт, кол менен эч нерсе жасай албайт), ал жер кыймылдап турат. Аны адис догдур (травматолог, ортопед) дарылайт. Көбүнчө хирургиялык операция жасалат. Пластикалык операция (оорулуунун өз сөөгүн көчүрүп жамоо, ошондой эле металл жана пластмассадан жасалган медициналык аппараттардын жардамы менен сөөк сыныктарынын учтарын бекем туташтырып, кыймылсыз карматуу) көп колдонулат. Акыркы мезгилде ушул максат менен ар кандай конструкциядагы аппараттар кеңири колдонулууда. Бутка же колго салынган мындай аппарат сөөк сыныктарынын учтарын бири-бирине бекем кысып кыймылсыз абалда кармайт, сөөктүн бүтүшүн тездетет, ошондой эле бир мезгилде эле кыскарган буту-колдун бөлүгүн узартууга болот. Оорулуу аппарат салынган алгачкы күндөн баштап эле бутуна таянып баса алат. Жалган муунду алдын алууда сыныкты дарылоонун режимин толук сактоо зарыл. Үйдө же поликлиникада дарылоону улантуу үчүн ооруканадан чыгарылган оорулуу таңылган гипсти өз алдынча мөөнөтүнөн эрте чечүүгө болбойт, ал жалган муунга алып келиши мүмкүн.