Жалгасынова, Дарыйка

Википедия дан

Жалгасынова Дарыйка Артыкбаевна-(1941-жылы 20-мартта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында туулган) - опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССРинин Эл артисти (1983).


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туулуп-өскөн айылында мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясына сынак аркылуу өтүп, аны 1966-жылы “Опера жана камералык ырчылыктын солисти” адистиги боюнча бүтүргөн.

Чыгармачыл жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1966-1978-жылдары Дарика Жалгасынова Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болгон. Жалгасынова Кыз-келиндердин педагогикалык окуу жайында мугалимдикти да аркалган. Ондогон жылдар бою Асанкан Жумакматовдун жетекчилиги алдында Кыргыз радиосу жана телевидениесинин академиялык симфониялык оркестринде солист болуп эмгектенген. Дарика Жалгасынова жүздөгөн чыгарманы өзүнүн аткаруусунда кыргыз радиосунун Алтын фондуна жаздырган.

Дарика Жалгасынова улуттук, орус, советтик жана чет элдик операларда ондогон партияларды аткарган. Театрдын жамаатынын курамы менен Советтер Союзунун көп шаарларынан тышкары, Венгрияда, Швецияда, Жапонияда, Түркияда, Кытайда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Дарика Жалгасынова Дж.Мейербердин “Гугеноттор” операсында Паждын ариясын жана Дж.Вердинин “Сицилия кечи” операсында Еленанын болеросун, кыргыз композиторлорунун ырларын: А.Малдыбаевдин, В. Власовдун жана В.Ференин “Ажал ордуна” музыкалык драмасында Зулайканын ариясын, Ж.Шералиев менен Н.Давлесовдун ырларын, К.Молдобасановдун “Бешик ырын” аткарган . “Дариканын музыкалык өргөөсү”, “Мезгил жана музыка” теле жана радио программаларын алып барган. Бир нече китептин автору, анын ичинде республиканын көрүнүктүү артисттерине жана композиторлоруна арналган “Триумф жана трагедия” аттуу китептин да автору .

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарика Артыкбаевна жолдошу Жайлообек Жалгасынов менен көп жыл бирге өмүр сүргөн. Жубайлар Москвада окуп жүргөндө баш кошуп, чыгармачылыгын сахнада чогуу улантып, эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. М.Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу, композитор Жайлообек Жалгасынов 1996-жылы оорудан көз жумган.

Партиядагы жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Дарика Артыкбаевна Кыргызстан Коммунисттик партиясынын катарына өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кузнецов А.Г. Кыргыз музыкасынын тарыхынан: макалалар жыйнагы (1973–2014-ж.ж.). Бишкек: Кыргыз-Орус Славян университети, 2015. – С.101-102. ISBN 978-9967-19-263-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]