Жалгыз көгүчкөн

Википедия дан

"Жалгыз көгүчкөн" (англ. Lonesome Dove) - 1985-жылы жазылган Ларри МакМертинин вестерн романы. Роман китептер сериясынын алгач жарыкка чыккан үчүнчү китеби. Романда эскиде Техас рейнжерлери болуп, кезекте бош жүргөн адамдардын Техастан Монтанага ири мүйүздүү малды айдап келүүсү баяндалат.

1972-жылы МакМерти окуяны "Ларедо көчөлөрү" (англ. The Streets of Laredo) аталышындагы тасмага адаптациялаган, анын режисеру Питер Богданович, актерлору Жеймс Стүарт (Огастас МакКри), Жон Уейн (Вудро Колл) жана Генри Фонда (Жейк Спун) болмокчу. Бирок Уейн жана Стүарт ортосунда болгон тартышуулардан улам бул план ишке ашкан жок. Он жыл кийин МакМерти 75 барактуу сценарийди студиядан сатып алып, аны толук кандуу романга айланткан. "Жалгыз көгүчкөн" романынын акыркы аяктаган варианты эң көп сатылган китептердин бирине айланып, 1986-жылы Пулитцер сыйлыгына ээ болгон.

Роман Пулитцер сыйлыгына ээ болгондон кийин, ал боюнча тасма тартуу идеясы кайрадан пайда болот. Сүзанн Де Пасс жана Билл Уитлиф романды кичи сериалдарга адаптациялагандан мурун Жон Милиус жана Жон Хүстон роман боюнча тасма тартууга аракет кылышты. Андан кийин, роман төрт бөлүктөн турган телевизиондук кичи сериалдарга айланып, Emmy Awards сыйлыгынын 7 номинациясын утуп, 12 башка номинацияларына талапкерликке коюлган. Романдын уландылары катары, "Жалгыз көгүчкөнгө кайтуу" (англ. Return to Lonesome Dove), "Ларедо көчөлөрү" (англ. Streets of Laredo), "Өлгөн кишинин сейилдеши" (англ. Dead Man's Walk), "Команч айы" (англ. Comanche Moon) төрт кичи сериалдар жана "Жалгыз көгүчкөн: Сериялары" жана "Жалгыз көгүчкөн: Мыйзамсыз жылдар" эки телевизиондук сериалдардары экранга чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]