Жалдалы

Википедия дан

Жалдалы - соода кылуу процессинде сатуучуга кардар же кардарга сатуучу таап берип, алардын соодалашуусуна кийлигишкен базар адамы. Жалдалы мазмуну жана аткарган функциясы жагынан далдалчыга абдан жакын. Адатта жалдап өзү товар өндүрбөйт жана товар алып сатпайт. Негизинен мал жана башка чарба буюмдары менен дүң соодага кийлигишип, ким жана кайсы жерде эмне сатарын же сатып алаарын алдын ала билип ала алган. Кардар кайрылганда аны дароо сатуучуга жиберген же, тескеринче, сатуучуга кардарды тапкан. Жалдалы мындай кызматы үчүн эки тараптан тең белгилүү өлчөмдө акча же мал түрүндө ширинкана алган. Жалдалы жекече соода-сатык ишинде алуучунун да, сатуучунун да ишин тездеткен. Бүгүнкү рыноктук экономикада жана жашоо турмушунда жалдалынын аткарган функциясы актуалдуу болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]