Жалиев

Википедия дан

Жалиев Баатыр (1935-ж. т., Карасуу району) – живописчи, график. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1964-ж. Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылдан баштап республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1968-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1977-жылдан 1982-жылга чейин  Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн председатели болуп иштеген. Өнөр жай жана айыл чарба темасын ырааттуу түрдө иштетип “Өнөр жайлуу Ош” (1966), “Ош курулуп жатат” (1972), “Хайдаркан комбинаты” (1974) аттуу чыгармаларды жараткан. Ж- дин чыгармачылык чоң жетишкендиги жанрлуу-портреттүү “Тогуз коргоол” (1974) эмгеги эсептелет. Ж-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда. “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]