Жалиев, Таштемир Райымжанович

Википедия дан

Жалиев Таштемир Райымжанович1963-жылдын 6-августунда Кара-Суу районундагы Жоош айылдык аймагындагы Агартуу айылында туулган. 7-классынан тартып гезит-журналдарга макала, кабар, ырларды жазган. Эң алгачкы макаласы ал кездеги республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине «Эне ыйык, эне кымбат баарынан» деген ыры менен кошо чакан макаласы чыккан. Ал эне жөнүндөгү талкуу эле. Ошентип, райондук «Эмгек майданы», Ош облустук «Ленин жолу», кийин республикалык «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттерине, радиолорго кабар-макалалары байма бай жарык көрүп турган.

Чыгармачылыгы мектептен эле байкалып калган Т. Жалиевди мектепти бүтөөрү менен «Эмгек майданы» гезитине корректор, кабарчылыкка иштөөгө чакырышкан. Ошентип алгачкы эмгек жолун баштаган күн 1980-жылдын 27-ноябры.

Т. Жалиев 1989ж. – Ош мамлекеттик педагогикалык институту (азыркы Ош мамлекеттик университети) кыргыз тили жана филология факультетин бүтүргөн.
1980-1992ж. – Кара-Суу райондук “Эмгек майданы” гезити – печатник, корректор, кабарчы, бөлүм башчы;
1981-1983ж. – Советтик Армиянын катарында;
01.08.1993ж. - Кара-Суу району “Агартуу” орто мектеби - мугалим;
1993- 2005ж. - Ош студиясы, “Ош-3000” МТРКсы – кабарчы, редактор, ага редактор, продюссер, башкы директордун орун басары;
10.12.2005-04.2009ж. – КРнын Президентинин буйругу менен “ЭлТР” КТРКсы – башкы директордун орун басары;
04.2009-02.2010жж. – «ЭлТР» КТРКсынын радиотармагы – жетекчиси;
16.04.2010ж. - Ош облустук телерадио компаниясынын башкы директору.
Май-2010ж. - Ош облусунун губернаторунун басма сөз катчысы.
2012-ж. апрель. «ЭлТР» КТРКсынын «ЭлFМ» радиосунун маалымат кызматынын жооптуу редактору.
2013-жылдын 28-октябрынан тартып «ЭлТР» МТРКсынын «ЭлFМ» радиосунун директору. Үй бүлөлүү.
Жубайы Жамал Жалиева медсестра. 1 уул, 3 кыздын атасы. 8 небереси бар. КР Маданиятынын, КТРКнын, "ЭлТР" МТРКсынын мыктысы. КР Ардак грамотасынын ээси.2019-жылдын апрель айында болуп өткөн "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасында "Түрксойдун" массалык маалымат каражаттары боюнча сыйлыгына татыды. СССР, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү.