Жалиев Баатыр
Жалиев Баатыр - (15.12. 1935-ж. туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак кыштагы) – живописчи, график, КРдин эл сүрөтчүсү (1993). Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн (1964). 1968-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1977–82-ж. Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу чыгармаларды жараткан. Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) эмгеги Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет. Ал республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Жалиевдин чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1