Жалил Абдыкадыров

Википедия дан
Жалил Абдыкадыров

Жалил Абдыкадыров (1932–1984)

Жазуучу, котормочу жана режиссер Жалил Абдыкадыров Жети-Өгүз районундагы Чырак айылында 1932-жылы 15-январда туулган. 1946–1949-жж. Караколдогу педагогикалык окуу жайында окуп, Ташкендеги А.Н.Островский атындагы мамлекеттик театралдык институтунун режиссердук факультетине тапшырган.

Институтту аяктагандан кийин 1954–1961-жж. Караколдогу Ысык-Көл драма театрында башкы режиссер, 1961–1962-жж. режиссер-коюучу, 1962–1966-жж. Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссер, 1966–1967-жж. Москвада Академиялык Кичи театрында режиссер-дасыгуучу, 1967–1973-жж. кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрында башкы режиссер, 1973–1976-жж. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977–1979-жж. Нарын музыкалык-драма театрында режиссер-коюучу, 1980-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик институтунун доценти, ошол эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссер-коюучусу, 1982–1984-жж. Кыргыз мамлекеттик драма театрынын башкы режиссеру болуп иштеген. «Олжобай менен Кишимжан», «Толкун», «Ырдуу күйөө, чырдуу кыз», «Жүрөгүм менин тоолордо» ж.б. пьесалары республиканын көптөгөн театрларында коюлуп, радио жана телепьесалары телекөрсөтүүдөн көрсөтүлүп, радиодон уктурулган. Ошондой эле пьесаларынын бир нече жыйнагы, юмордук жана сатиралык чыгармалары жарык көргөн. 20дан ашык аңгемелердин, публицистикалык макалалардын, интермедиялардын автору. Ал көптөгөн авторлордун сценарийлерин пьесага, инсценировкаларын театралдык оюндарга которуп жазган жана ондогон көркөм фильмдерди которгон.

1964-жылы кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүү тармагындагы эмгеги үчүн «Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы берилген.

1986-жылы Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклин койгондугу үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. 1982-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйдүм чок: Интермедиялар, сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 64 б.

Ырдуу күйөө, чырдуу кыз: Пьесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 192 б.

Ырдуу күйөө, чырдуу кыз: Пьесалар. – Б.: Адабият, 1991. – 344 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Верейская Е. Абысын: Повесть. – Ф. Мектеп, 1974. – 188 б.

ПЬЕСАЛАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толкун: 3 акт. драма. – Нарын театры, 1967.

Ырдуу күйөө, чырдуу кыз: 2 бөл. комедия. – Нарын театры, 1974.

Жүрөгүм менин тоолордо: 2 бөл. драма. – Нарын театры, 1977.

Кайчылаш жолдор: 2 бөл. драма. – КТР, 1979.

Айнаш: 1 акт. комедия. – Элдик театрлар, 1970.

Сыноо бүтпөйт: телепьеса. – КТР, 1975.

Өмүр жазы: телепьеса. – КТР, 1977.

Кыздын тагдыры: радиопьеса. – Кыргыз радиосу, 1975.

Арман: 1 акт. пьеса. – элдик театрлар, 1980.

Жетим: Жомок. – Куурчак театры, 1976.

Олжобай менен Кишимжан: 3 акт. трагедия. – Кыргыз драмтеатры, 1980.

Шылуундар: 2 бөл. сатира. – Маданият министрлиги, 1981.

Которгон пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байсеитов, Шаңгытбаев. Бали, бали, кыздар ай. – Кыргыз драма театры, 1967.

Сафронов А. Ашпозчу аял. – Кыргыз драма театры, 1964.

Макенов А. Боордогу таш. – Каракол театры, 1964.

Мольер. Аргасыздан болгон дарыгер. – Каракол театры, 1955.

Голан Я. Таңдагы сүйүү. – Каракол театры, 1958.

Абишев А. Күнүчүлдүк. – Каракол театры, 1957.

Киямов Ш. Жүрөккө жүрөк жашынат. – Каракол театры, 1960.

Мухамеджанов К. Бөрк астында бөлтүрүк. – Каракол театры, 1959.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.