Жалил Мамедкулизаде

Википедия дан

Мамедкулизаде Жалил (ылакап аты – Молла Насреддин; 22. 2. 1866, Нахичевань-на-Араксе – 4. 1. 1932, Баку) – азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер. 1887-жылы Гори мугалимдер семинариясын бүткөн. 1898-жылы Ереванда, 1903-жылдары Тбилисиде азербайжан тилинде чыкчу «Шарки рус» («Орус чыгышы») жана большевиктердин «Кавказский рабочий листок» газеталарында иштеген. Ал ошол эле учурда фельетончу катары да таанылган. 1905-жылдары өз күчү менен басмакана ачып, «Молла Насреддин» сатиралык журналын негиздеген жана чыгарган (1906–31). Мамедкулизаденин көрүнүктүү чыгармалары: «Эшектин жоголушу» (1936), «Почта ящиги» (1903), «Ирандагы конституция» (1906), «Курбан-Алибек» (1907), «Козу» 1914), «Молдо Фазл-Али» (1925), «Эки күйөө» (1927) ж. б. «Өлүктөр» (1909), «Жиндилердин жыйыны» (1936) деген комедияларында дин кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын ашкерелеген. «Кеманча» (1920) пьесасы армян жана азербайжан элдеринин достугуна арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]