Жалпак курттар

Википедия дан
Жалпак курттар.

Жалпак курттар (лат. Platyhelmintes) – жөнөкөй түзүлүштүү курттар тиби. Денеси кош симметриялуу, узун, жалпак. Узундугу 0,2 ммден 18 мге чейин жетет. Эркин жашоочуларынын денеси кирпикчелүү эпителий менен, мителериники ядросуз катмар (тегумент) менен капталган. Мителеринин соргучтары бар. Жалпак курттар алгачкы ооздуу, алардын дене көңдөйү жок (органынын ортосу паренхима менен толгон), үч түйүлдүк жалбыракчалардан – экто-, энто- жана мезодермадан өөрчүйт жана кан тамыр, дем алуу органдары жок. Жалпак курттардын ичинде киши жана жаныбарларга коркунучтуу мителер да бар. Алар морфологиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 класска (кирпикчелүүлөр, соргуч курттар жана тасма курттар) бөлүнөт. 12 500гө жакын түрү белгилүү. Деңизде, тузсуз сууда жана кургакта жашап, дээрлик көбү мителер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1