Жалпы билим берүү

Википедия дан

Жалпы билим берүү – билим берүүчү мектептерде бардык балдарды милдеттүү түрдө (тиешелүү минимум көлөмүндө) жалпы окутуу. Жалпы билим берүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат. Жалпыга бирдей билим берүүнү 16-кылымда Т. Мор сунуш кылган. 18-кылымда Улуу француз революциясы балдарды милдеттүү түрдө окутууну жарыялаган. К. Маркс менен Ф. Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848) бардык балдарды коомдук негизде акысыз окутуп-тарбиялоо талабын коюшкан. Париж коммунасы муну иш жүзүнө ашырууга аракет жасаган. Башталгыч мектептердин көлөмүндө балдарга милдеттүү түрдө Жалпы билим берүү мыйзамдары Данияда (1814), Швецияда (1842), Норвегияда (1848), АКШда (1852–1900), Японияда (1872), Англияда (1880), Францияда (1882) жана Латын Америка өлкөлөрүндө 20-кылымда кабыл алынган. Россияда 16 жашка чейинки улан-кыздарга жалпыга милдеттүү жана акысыз кесиптик билим берүү талабы РСДРПнин 2-съездинде кабыл алынып (1903), партиянын Программасында коюлган. 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башында Кыргызстандагы ислам дин өкүлдөрү жергиликтүү элдин тестиер балдарын мечит, медреселерге окута баштаган. Кыргыз балдары Караколдогу жана Пишпектеги башталгыч окуу жайларынан төрт жылдык билим алышкан. Кийин ал 1914-ж. жогорку башталгыч окуу жа­йына айланган. СССРде милдеттүү башталгыч билим берүү 1930-ж. башталып, 1934-ж. бардык жерде ишке ашкан. Кыргыз АОсунун облусу элге билим берүү бөлүмү 1924-ж. түзүлүп, 1927-ж. Кыргыз АССРинин, 1937-ж. Кыргыз ССРинин, 1946-ж. Кыргыз ССРинин Агартуу эл комиссариаты, 1962-ж. Кыргыз ССРинин Агартуу министрлиги, 1988-ж. Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлиги болуп өзгөргөн. 1933–37-ж. СССРде жалпыга милдеттүү жети жылдык билим берүү каралып, негизинен 1956-ж. аткарылган. 1958-ж. жети жылдык билим берүүнүн ордуна жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим берүү киргизилип, 1962–63-ж. турмушка ашырылган. КПССтин 24-съездинин директиваларына ылайык 9-беш жылдыктан баштап жалпыга милдеттүү он жылдык орто билим берүү жүзөгө ашкан. Кийин ал 1992–93-окуу жылында он бир жылдык окуу мөөнөтүнө өткөн. Базалык жалпы билим берүү милдеттүү жана акысыз болгон. 1991-ж. 1794 мектеп болсо, 2006-ж. 2066га жет­кен. 1994-ж. билим берүү мекемелерин лицензиялоо системасы киргизилген. 1995-ж. Улуттук тест жүргүзүү борбору түзүлгөн. Ал жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн билимдерине талдоо жүргүзөт. Билим берүүнү реформалоо процессинде өлкөнүн 2025-жылга чейинки билим берүү стратегиясын аныктаган Мамлекеттик билим берүү доктринасы (2000), «Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери» Улуттук программасы (2001), Жакырдыкты кыскартуунун улуттук стратегиясы (2003–05), «Айыл мектеби» комплекстүү программасы (2003) иштелип чыккан. КР Өкмөтү 2015-ж. чейин бардыгы үчүн билим берүү боюнча улуттук планды, 2010-ж. чейин КРдин билим берүү тармагын өнүктүрүүнү бекиткен. 2003-ж. «Сапаттуу жана жеткиликтүү базалык жалпы билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Кыргызстандын жарандарынын акысыз базалык жалпы билим алуусуна кепилдик берген бул документтерде билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн кыска (5 жылдык) жана узак мөөнөттүү (10–15 жылдык) максаттары көрсөтүлгөн, коюлган максаттарга жетүүнүн стратегиясы түзүлүп, тактикасы аныкталган. 2006-ж. окуу предметтери боюнча мамлекеттик стандарттар жаңыртылды. 2008/09-окуу жылында жалпы билим берүү мекемелеринде 1 млн 160 миң бала окуган. Майып, жетим жана кароосуз калган балдар үчүн жалпы билим берүүчү 37 мекеме иштеген. Жалпы билим берүүчү адистештирилген 20 мекемеде (анын ичинде 14ү интернаттык типтеги) 3, 8 миң жеткинчектер жана өспүрүмдөр тарбияланууда. КР Билим берүү министрлиги тарабынан Улуу Британиянын «Балдарды сактагыла» эл аралык фонду менен бирдикте өзгөчө муктаждыктагы балдарды массалык мектептерге интеграциялоого жардам көрсөтүлүп, облус аралык психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын базасында Инклюзивдик билим берүү ресурстук борбору иштей баштаган. Өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин 80%тен көбүн айыл мектептери түзөт (2008). 1991–2003-ж. кыргыз, орус, өзбек жана тажик мектептери үчүн 15 млн 8 миң нуска 460 аталыштагы окуу китептери басылып чыккан. Натыйжада республика боюнча мектептер окуу китеп менен 77,4% камсыз болгон. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технология, башкача айтканда жалпы билим берүү мекемелерин компьютерлештирүү, интернет тармагына кошуу улантылууда. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасы жаңыртылып, системалык мониторинг ишке киргизилүүдө. Окуу пландарынын жана окуу программаларынын мазмунун кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Жалпы билим берүү тармагын реформалоону жүргүзүүдө педагогдук кадрлар өзгөчө роль ойноодо. 2009-ж. республикада 73 миң мугалим эмгектенген. Алардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу Кыргыз билим берүү академиясында жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1