Жалпы сунуш

Википедия дан

Жалпы сунуш - өндүрүүнүн жалпы көлөмү менен экономикадагы баалардын деңгээлинин ортосундагы байланышты чагылдырат.

О. э. жалпы сунуш - бул баалардын ошол учурдагы деңгээлинде фирмалар жана үй чарбалары рынокко чыгарууга даяр жыргалчылыктар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны экендигин айта кетүүгө болот. Фирмалардын чыгарышынын көлөмү, албетте, алардын товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө рынокто белгилене турган бааларга жараша болот.

Макроэкономикадагы сунуш продуктунун баасы (Р) менен болжолдонгон продуктунун (Ү) санынын ортосундагы түз пропорционалдуу көз карандылыкты чагылдырат. Сунуштун деңгээлине продукциянын баалары жана өндүрүш факторлоруна сарптоолор таасирин тийгизет. Жалпы сунушту өз-өзүнчө кыска мөөнөттүү мезгилде жана узак мөөнөттүү мезгилде кароо керек. Бул өндүрүш факторлорунун санынын өзгөрүүлөрүнүн таасиринин зор мааниси менен түшүндүрүлөт.

Окумуштуулар жалпы сунуштун демейдегидей ар башкача, бир нече түрүн көрсөтүшкөн. Ийри сызыктын үч участогун бөлүп көрсөтүүгө болот. Горизонталь же Кейнс кесиндиси жалпы сунушту кыска мөөнөттүү мезгилде (SRAS) чагылдырат. Өзүнүн ысымы менен аталган бул участоктун горизонталдык мүнөзүнө Кейнс төмөнкүдөй түшүндүрмө берген. Ал чөгүү мезгилиндеги, б.а., өндүрүш факторлорунун кыйла запасы болгон кездеги экономиканы карап чыккан, ошондуктан кыска мөөнөттүү мезгилде жумушсуздардын кошумча санын жана өндүрүштүн башка факторлорун тартуунун эсебинен баалардын деңгээлин жогорулатуусуз эле реалдуу улуттук өндүрүштү көбөйтүү мүмкүн деген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9