Жалпы суроо-талаптын баа факторлору

Википедия дан

Жалпы суроо-талаптын баа факторлору - Товарлардын бирдигине болгон суроо-талаптын ийри сызыгына таасир тийгизүүчү факторлор, жалпылыктарды кароодо мааниге ээ эмес экендигин белгилейбиз.

Макро деңгээлде жалпы суроо-талап төмөндөгүдөй баа факторлору менен аныкталат: * проценттик ставканын эффектиси, мунун мааниси бааларды көбөйтүүдө проценттик ставка да көбөйө тургандыгында, демек, инвестициялык суроо-талаптын ийри сызыгына ылайык инвестициялардын чоңдугу азаят, андан төмөнкүдөй негизги макроэкономикалык окшоштук боюнча теңдеме келип чыгат: Ү= С +1 + G + Хп

  • башка бирдей шартта инвестициялардын азайышы УДПнын (Ү) азайышына алып келет;
  • байлык эффектиси же реалдуу кассалык калдыктардын эффектиси. Баалар өскөн учурда финансылык активдери болгон калк реалдуу жакырданат жана өзүнүн чыгымдарын азайтууга аргасыз болот;
* импорттук сатып алуулардын эффектиси. Бул эффектинин маани-маңызы бир өлкөдөгү баалардын өзгөрүшү чет өлкөлөрдөгү баалар өзгөрүлбөсө деле экспорттун көлөмүнүн өзгөрүүлөрүнө алып келе тургандыгында, ал өз кезегинде калктын өлкөнүн ичиндеги чыгымдарына таасирин тийгизет.

Мисалга алсак, ата мекендик товарларга баалар өскөндө, калк импорттук товарларды көбүрөөк сатып ала баштайт, бул бир жагынан, экспорттун азайышына, экинчи жагынан, ата мекендик товарларды сатып алуулардын кыскарышына алып келет;

* жалпы суроо-талаптын ийри сызыгынын азайып бараткан эңкейишин акчалардын сандык теориясы аркылуу түшүндүрүүгө болот, ал төмөнкүдөй теңдеме менен туюнтулат: M*V = Р*Ү,

мында: М - акчалардын саны, V - акчаларды жүгүртүү тездиги, Р - баалардын деңгээли, Ү - өндүрүштүн реалдуу көлөмү.

Кыргызстанда жалпы суроо-талап ИДПга карата 1995-жылдагы 89,7%тен 1996-жылдагы 81,2%ке чейин, 1997-жылдагы 80,0%тен 2000-жылдагы 85,0%ке чейин азайды, бул, сөзсүз, өндүрүштүн өсүшүн басаңдатуучу терс фактор болуп эсептелет. Бул тенденцияны, атап айтканда, кызмат акынын, пенсиялардын жана пособиелердин төлөнүшүнүн кармалышын жоюу жолу менен жеңип чыгуу зарьш.

М жана V - const учурунда, эгерде баалар өсүп баратса, анда теңдештикти сактап калуу үчүн Ү азайтылууга тийш, б.а., Р жана Ү тескери пропорционалдуу болууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9