Жалпы элдик тил
Жалпы элдик тил – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү жана мүнөздүү илимий жалпы элдик тил – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү жана стили жагынан чектелбеген, жалпыга түшүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диалектилердин бирөө жалпы элдик тил абалына чейин өнүгүп, экинчиси диалект боюнча жашай берет. Айрым учурда тигил же бул уруу башка уруулар менен байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин жалпы элдик тилин түзүп калат. Башында жалпы элдик тилде сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына кирип калып, узак убакытка өз ара байланышы үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ болгон жалпы элдик тил пайда болот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына жана жазуусунун такталышына, жалпы элдик тилдин адабий нормаларынын калыптанышына мамлекеттик түзүлүш өбөлгө түзөт. Жалпы элдик тилдин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук адабий тилимий
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1