Жал-арык І көрүстөнү

Википедия дан

Жал-арык І көрүстөнүКетмен-Төбө өрөөнүндөгү 1–5-кылымда жашаган байыркы көчмөн хунн урууларына таандык көрүстөн. Анда 700гө жакын мүрзө бар (көпчүлүгүнүн диаметри 10–20, бийиктиги 1–2 м). Маркумдардын сөөктөрүн арча табыттарга салып, казанактуу жайларга коюшкан. Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, алтын беткептин (маска) калдыктары, түрдүү түспөлдөгү шурулар, коло күзгүлөр, акак таш чөгөрүлүп жасалган алтын шакек, сөйкөлөр, темир кылычтар, жаанын жебелери, айнек бокал, сооттун калдыктары табылган. 1959-, 1963-, 1968-, 1969-ж. археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1