Жамааттык аңсыздык
Жамааттык аңсыздык - саясатта - кеңири маанисинде саясий жүрүм-турумдагы жеке субъектинин аң-сезиминде көрсөтүлбөгөн (же баамчылдыктын жетишсиз деңгээли аркылуу көрсөтүлгөн), бирок активдүү, ал эми айрым кырдаалдарда адамдардын маанилүү жалпылыктарынын (мис., жыйылган элдин) жүрүм-турумуна аныктоочу таасир бере турган психикалык процесстер менен абалдардын биримдиги.
«Жамааттык аңсыздык » термини кылымдын башында З.Фрейддин жолун жолдоочу К.Юнг тарабынан жеке өздүк аңсыздыктан айырмаланып мурас катары берилип келаткан адамзаттын филогенетикалык өнүтүшүнүн тажрыйбаларын алып жүрүүчү болуп саналган психикалык кубулуштардын өзгөчө классын белгилөө үчүн киргизилген. Юнг үчүн Жамааттык аңсыздык тын башкы мазмуну архетиптер - жүрүм-турумдун жалпы априордук схемалары болгон. Ал схемалар филогенетикалык маанидеги айрым «жамаатка» (мис., бир этноско) тиешелүү болгон элдердин мекемелеринин окшоипугун аныктай турган адамдардын айланасында жүрүп жаткандарды кабыпдоо жана ага реакция кылуу инсандык (түрдүк, топтук) жөндөмдөрүнүн өзгөчө түрү, адамдардын чыныгы жашоосун айкын мазмун менен толтурат.
Саясат таанууда Жамааттык аңсыздык түшүндүрмөсү Э.Дюркгейм тарабынан киргизилген «жамааттык элестөөлөр» түшүнүгү аркылуу кошумчаланат. Ал аңдалбаган, көндүм көрүнүштөрдүн айынан, автоматташтырылууну, социалдык топтор менен жалпылыктардын мүчөлөрүндөгү социалдык тажрыйбадан улам топтолгон билимдердин, ойлордун, жүрүм-турум нормаларынын жыйындысын билдирет. Мындай көрүнүштөр адамдардын жеке аң-сезимин басуу менен В.М. Бехтеров «жамааттык рефлекстүүлүктүн», митингдердеги, массалык астериялардагы, паникалардагы ж.б. жыйылган элдин жүрүм-турумунун түрлөрүнүн феномени менен байланышкан социалдык психология менен саясаттын психологиясынын атайын тармактарынын предмети деп санаган стереотиптүү реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Түзүлүштүк жактан Жамааттык аңсыздыктан жамааттык эмоциялар, сезимдер, маанайлар, ойлор, билимдер, баалар жана пикирлер бөлүнүп чыгат.
Үстөмдүк кылуучу ролду эмоциялык компоненттер ойнойт. Рационалдык элементтер Жамааттык аңсыздык тын тутумуна баш ийген, көп учурда иррационалдык учурларга карата кызмат көрсөтүүчү роль ойногон катып калган стереотитер, салттуу көз караштар жана ишенимдер катары гана жашайт.
Жамааттык аңсыздык адатта эки ар түрдүү түрлөрдүн массалык жүрүм-турумунда көрүнөт. Биринчиси индивиддерди Жамааттык аңсыздык тагы анын бардык мүчөлөрү үчүн жалпы негизде жетишээрлик бүтүн монолиттик массада бириктире турган бир өңчөй баалоолор менен иш-аракеттерге алып келет. Адатта мунун өзү эмоциялык абалдары жана массалык маанайлары окшош адамдардын маанилүү бөлүгүнүн - мис., өздөрүнүн жетекчисин көргөндө анын дарегине карата учурашып кыйкырууларды, ураандарды ж.б. көтөрүп, бирдей экстаздык жарылууга түшкөн фанатиктердин тобунун ошол абалга чалдыгуусунун жыйынтыгында жүрөт.
Массалык жүрүм-турумдун Жамааттык аңсыздык маанилүү роль ойногон экинчи түрү, тескерисинче, эмоциялык жарылуулар адамдарды бириктирбестен, ажырымдай турган кырдаалдарга байланыштуу. Анда иш-аракетке адамдардын маанилүү бөлүгү үчүн жалпы эмес, ар түрдүү болгон жүрүм-турум механизмдери кирет, жана негизги мазмуну объективдүү жана кокусунан пайда болгон кескин («чек аралык») кырдаалдарга карата көптогон адамдардын спонтандык бир өңчөй реакциялары эсептелет.
Жамааттык аңсыздык харизматикалык жетекчиге истерикалык ишеним болгондо, же айталы, тигил же бул терс кырдаалдардын болжолдонгон күнөөкөрлөрүнө карата түшүндүргүс кастык менен бириккен, ошого шыктанган чоң массадагы адамдардын саясий биримдиги стимулдаштырган учурда таяныч боло алат. Мындай шарттарда Жамааттык аңсыздык уюшулган саясий жүрүм-турумдун негиздери катары чыга алат. Мунун өзү адамдардын маанилүү массасына - мис., митингдерде, манипуляциялык таасир этүү тажрыйбасында колдонулат, тескерисинче, Жамааттык аңсыздык жүрүм-турумдун социалдык уюшулган формаларын бузганда жана саясатка каршы коюлганда абдан коркунучтуу. «Алсыз өкмөт менен бунтарлык түрдө чыккан элдин ортосундагы мамилелерде бийликтин ар бир актысы массаны таптакыр үмүт үзүүгө алып келе турган, ал эми бийлик тарабынан болгон ар бир баш тартуу анын дарегине карата жек көрүүнү пайда кыла турган учур келет» (Рид Д. «Дүйнөнү толкундаткан он күн». - М., 1923. - 56-6.).
Мындай учурларда кийин чоң мөөнөттү жана өзүнүн кыйраткыч жыйынтыктарын жок кылуу үчүн күч-аракеттерди талап кыла турган социалдык-саясий деструкцияга алып келе турган хаостук псевдо-саясий жүрүм-турум басымдуулук кылат. Негизинен Жамааттык аңсыздык адамзаттын өнүгүүсүнүн мурдагы баскычтарында маанилүү роль ойногон. Азыркы цивилизациялуу коомдо анын мааниси төмөндөйт, ал кризистик, экстремалдык учурларда гана көрүнөт, саясий жүрүм-турумду аң-сезимдүү регуляциялоодон элементтердин ролу кескин түшүп кетет. Туруктуу социалдык-саясий тутумдун турмушунда күнүмдүк аң-сезимдин бүтүндөй сүрүлүп бүткөн формаларында гана көрүнөт. Өнүккөн өлкөлөрдөн айырмаланып, Жамааттык аңсыздык тын ролу азыркы күнгө чейин «үчүнчү дүйнөдө» жетишээрлик жогору. Мис., Жамааттык аңсыздык тын күчтүү таасири 1978-ж. Ирандагы ислам революциясынын көптөгөн эпизоддорунан көрүнөт. Кыргызстанда 2005-ж. 24-мартта жана 2010-ж. 7-апрелде болуп өткөн мамлекеттик бийликти күч менен алмаштыруу үчүн уюштурулган тополоңдор учурунда Ж. а-дын бардык элементтери толугу менен көрүнгөнүн байкоого болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8