Жамааттык келишим

Википедия дан

Жамааттык келишим – ишкана, мекемедеги эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу жана жумушчулар, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы жазуу жүзүндө түзүлүүчү документ. Мындай келишим менчиктин түрүнө карабастан ишкана, уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүүгө тийиш. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталгандан тартып 2 айдын ичинде жамааттык келишимдин айрым жоболору башка тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестик токтомун кошо түзүү менен жамааттык келишимге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер кийинки жамааттык сүйлөшүүлөрдүн негизи болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

р