Жамажай

Википедия дан
3— таманды болушунча бүгүү жана жазуу; 4— буттун манжалары менен килемченн (же кездеме кесиндисин) бүктөп чогултуу; 5— таманды манжалардын жардамы менен алга жана артка жылдыруу; 6— резина топту таман менен басуу. 7— түрдүү таякчаны манжалар менен кармап көтөрүү; 8— таман менен таякты тоголотуу; 9— согончоктон буттун учуна туруу жана тескерисинче; 10— колду эки жакка, жогору жана алга көтөрүп, толук Ж-а толук эмес отуруу; 11— гимнастика таягынын үстү менен басуу; 12— жантайыңкы кырлуу устунда басуу; 13—эңкейиш тактайда буттун учу менен өйдө жана төмөн басуу; 14— поролон матрацты басуу.

Жамажай — эриндин кычыгындагы теринин жана былжыр челдин жугуштуу оорусу. Жамажай организмде В2 витамини жетишпегенде, бүйлө ооруларында, ошондой эле ачуу, туздуу тамактарды көп жегенде, шилекей көп бөлүнгөндө, ооздун ичин таза кармабоодон болот. Ооруну бактериялар — стрептококк же микроскоптук козу карындар козгойт. Көбүнчө эрдин көп жалаган балдар жана өспүрүмдөр, тиш протезин кийген улгайган адамдар ооруйт. Эриндин кычыгындагы тери менен былжыр чел сууланып кызарат, андан кийин ал жер жарылып, катуу ооруйт, сары карт менен капталат. Грибок инфекциясында оору ооз көңдөйүнүн былжыр челине өтөт (Кандидоз). Дарылоону врач жүргүзөт. Көбүнчө оору өнөкөт түрүндө болот. Бирок туура, такай дарылоодо биротоло айыгат. Алдын алуу үчүн өзгөчө В> витаминине бай жемиш, жашылча, ачыткы жана башка тамак менен туура тамактануу, оозду таза кармоо зарыл. Ооздун кычыгы кызарып ачышканда ачуу, туздуу, кычкыл тамакты ичпөө керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8