Жаманбаев Жеңис Анаркулович

Википедия дан

Жаманбаев Жеңис Анаркулович - (1946-ж. туулган, Казак ССР, Жамбыл облусу, Касык Курдай району) – химия илимдеринин доктору (1991), профессор (2000). КМУну (1967), Кыргыз ССР ИА ОХИнин аспирантурасын (1973) бүтүргөндөн. Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, ОХИде лаборатория башчысы, 1993-жылдан КР УИАнын Химия-комплекстүү технология институтунда лаборатория башчысы. Углеводдордун химиясы жана табигый бирикмелер боюнча адис. Ал химия-терапиялык агенттердин маанилүү классына кирген нитрозоалкилмочевинанын углеводдук туундуларын алуунун натыйжалуу ыкмасын иштеп чыккан. 180ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 17 ойлоп табуусу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1