Жаманкулов, Ажем

Википедия дан

Жаманкулов, Ажем – жазуучу. 1938-жылы 7-ноябрда Таластагы Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.

1961-жылы Бишкектеги Политехникалык институтун бүтүрүп, 1975-жылга чейин инженердик кызмат өтөп, Киров суу сактагычын курууга катышкан. Андан соң «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитине кызматка келип, күч-кубатын жазуучулукка жумшаган.

1988-жылдан бери Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

1994-жылдагы «Муххамед Алейхис-салам жөнүндө» конкурстун байгесине ээ болуп Түркия мамлекетинде, андан соң Иран-ислам Республикасында болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалындуу тилек: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1973.

Көңүл учкундары: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1977.

Тагдыр: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1979.

Айылым жөнүндө баллада: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1984.

Арашан кайрыктары: Повесть. – Ф.: Адабият, 1989.

Курман айт баяны: 1995. – 20 б.

Алла: – Б.: Алтын тамга, 1998. – 57 б.

Чынгыз-70: Дастан. – Б.: Алтын тамга, 1999. – 40 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]