Жаманкулов Ажем

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жаманкулов Ажем - жазуучу.

Ажем Жаманкулов 1938-жылы 7-ноябрда Таластагы Кара-буура районунун Чолпонбай айылында туулган.
1961-жылы Бишкектеги Политехникалык институтун бүтүрүп,
1975-жылга чейин инженердик кызмат өтөп, Киров суу сактагычын курууга катышкан. Андан соң «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитине кыз-матка келип, күч-кубатын жазуучулукка жумшаган.
1988-жылдан бери Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
1994-жылдагы «Муххамед Алейхис-салам жөнүндө» конкурстун байгесине ээ болуп Түркия мамлекетинде, андан соң Иран-ислам Республикасында болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жалындуу тилек: Аңгемелер жыйнагы.– Ф.: Мектеп, 1973.

Көңүл учкундары: Повесть.– Ф.: Мектеп, 1977.

Тагдыр: Аңгемелер жыйнагы.– Ф.: Адабият, 1979.

Айылым жөнүндө баллада: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1984.

Арашан кайрыктары: Повесть. – Ф.: Адабият, 1989.

Курман айт баяны: 1995. – 20 б.

Алла: – Б.: Алтын тамга, 1998. – 57 б.

Чынгыз-70: Дастан. – Б.: Алтын тамга, 1999. – 40 б.