Жамансарт кызы Батма

Википедия дан

Жамансарт кызы Батма (1910-1988) Саймачы, шырдакчы. Кант районундагы Жер-Казаар айылында төрөлгөн.

«Алга» айыл чарба артелинде талаачылыкта эмгектенген. «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалдары менен сыйланган. Батмага энеси Калдынын уздук үндөктөөсү зор шыкак берип, энесинин уздугу, шайырдыгы кызына оошот. Эжеси Адеминин, аталаш агасы Жекшендин таасир да зор болгон. Уз көбүнчө жердикти кездемеден тандаган. Kapa баркутка ирис, мулина жиптери менен түшүрүлгөн сайма көчөттөрүндө «бадам оюмун» жээк көчөтүнө тандап, ортолук көчөттөрдүн кооздук кара жактарына көбүнчө гүл көчөтүн алып, гүлдү гүлдөй эмес, андан кыйыштырып, гүлдүн таажылары, сабактарынын бутактары шекилдүү элементтерин кооздукка пайдаланган. Ал эми «кыял оюмун» көчөт катары пайдаланууда уз жердикке ичке түшүрүп, өзүнүн ой кыялы жетелеген тарапка бурулуп, андан «жарым кыял» сымал көчөт оюмдарын пайда кылган. Ал өзүнчө туунду көчет катары каралат. Демек, мындан уздун чыгармачылыгы көрүнүп, «Батма саймалары» деген атта өз чөлкөмүнө таанылган. Элдик көркөм оюмдардан көчөт айкалыштарын кыйыштырууга караганда ал өзүнчө уздук изденүүсү аркылуу түстөрдү арбын колдонуу менен байчечекейдей сайма буюмдарынын ажарын ачуучу кооздуктарды алдыга тарта коюусу ага жеңилдей туюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0