Жанболот Абдраимов

Википедия дан

Абдраимов, Жанболот (1933–1982) - адабият сынчысы. Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1933-жылы 17-мартта туулган. 1958-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1952-жылы туулган айылында клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1958 - 1962-жж. «Кыргызстан» басмасында кенже редактор, редактор, 1962 - 1970-жж. «Ала-Тоо» журналынын сын бөлүмүнүн башчысы, 1973 - 1979-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы болуп иштеген. Чыгармалары басма беттеринде 1958-жылдан тартып жарыялана баштаган. 1962-жылы басмадан чыккан «Жылдыздуу ырлар» аттуу алгачкы китеби Кыргыз Эл акыны А.Токтомушевдин чыгармачылыгына арналган.

1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдыздуу ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 28 б.

Чыгармаларга ойлор: Макалалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1967. – 164 б.

Чындык жана мүнөз: Макалалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1971. - 92 б.

Турмуш күүлөрү: Адабий макалалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 238 б.

Чыгармадагы турмуш: Адабийсын макалалар, рецензиялар. - Ф.: Мектеп, 1981. - 118 б.

Замандаштардын образы: Адабийсын макалалар. - Ф.: Кыргызстан, 1984. - 208 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]