Жангазиев Мыктыбек Султанбекович

Википедия дан

Жангазиев Мыктыбек Султанбекович (4. 10. 1957-ж. туулган, Кожомкул кыштагы) - элдик дарыгер, табып.

  • Кесиби зоотехник.
  • Кант районундагы Фрунзе айыл чарба техникумунун зоотехника бөлүмүн (1984) жана К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүргөн (1992).
  • 1976-77-жылдары Советтик Армиянын катарында Приморьеде кызмат өтөйт.
  • Эмгек жолун 1977-ж. Суусамырдагы кой чарба башкы бирикмесинде (ГОО) айдоочу болуп баштаган.
  • Кийинчерээк «Кызыл-Ой» совхозунда кампа башчысы, профсоюз уюмунун төрагасы (1979-85), партиялык уюмдун катчысы (198589) жана мал чарба тармагында башкаруучу (1988-89) болуп эмгектенген.
  • 1989-92-жылдары Суусамыр районундагы «Каракол» совхозунда башкы зоотехник, профсоюз уюмунун төрагасы болгон.
  • 1996-99-жылдары «Өйдөчекти» дыйкан чарбасын башкарат жана Кожомкул кыштагына айыл башчысы болуп шайланат.
  • Кийинки жылдары элдик табыпчылык менен алектенет.
  • Өзгөчө сынык менен чыгып кеткен ооруларды кылдаттык менен ордуна салып айыктырат.
  • Бишкектеги «Бейиш» борборунан «укалоочу» күбөлүгүн алган.
  • Өйдөчекти Уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9