Жандама мүчө

Википедия дан

Жандама мүчө - аныкталгычтан кийин келип, анын заттык белгисин, кээде сыпаттык белгисин билдирүүчү аныктоочтун өзгөчө түрү: Үмөт уста. Бурмаке апам, Канат карыя, Акмат молдо. Чолпонбай баатыр ушул мектепте окуган. Динара тентек китепти көп окуйт ж.б.

Жандама мүчө талапка жараша, кээде аныкталгычтан мурда да жайгашып айтылат: Манас баатыр - баатыр Манас, Ормуш уста - уста Ормуш, Зарыл мугалим - мугалим Зарыл.

Кыргыз тилинде Жандама мүчөнүн орус тилинен оошуп кирген жаңы түрү да колдонулат. Андай Ж. М. аныкталгыч менен кошо айтылып, анын кошумча кесибин, кошумча маанисин билдирет: инженер-электрик, инженер-механик, телефон-автомат, врач-терапевт, учкуч-истребитель ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4