Жандыкты союу

Википедия дан

Жандыкты союу - кыргыз баласы үчүн конок тоскондо, түрдүү маарекелерде жандык союу жазылбаган мыйзам. Кыргыздарда жандыктарды союунун кылымдар бою калыптанган ыкмасы бар. Кой- эчкини союу менен бодо малдарды (жылкы, уй, топоз, төө) союунун айырмалары, жалпы окшоштуктары бар. Мисалы, кой келген конокко кыбылага каратылып, туура тартылат, бата тиленет (бата ар кандай дилде берилет). Койду кыбыланы баштап жыгат да, төрт буту илмектеле буулуп, келме келтирип мууздалат. Малдын терисин сыйруу кол-бутун жирөөдөн башталат. Моюн, ич аркылуу арткы буттары жирелип, керчөө чыгарылат (айрым учурда терисин бузбоо үчүн керчөөнү чыгарбай коюшат). Терини муштап сыйруу кол- буттун колтугунан алынат. Ар бир шыйрак мууналып кесилип, териси таза сыйрылат. Төштүн оң тарабынан ичин жирөө зарыл. Мында төш эти менен төштүн чурайын карчыганын бүлкүлдөгүнө оодарбай теңдеп, бири-бирине өткөрбөй чыгарылат. Төштүн бир жак каптал этин алган соң, имерип, карын майын сыйрып, жумуру майына анча тийбей, карынды кесип, ичиндегилери төгүлөт, өпкө-боорун алып, кызыл өңгөчтөн жини чыкпасы үчүн анын ортосунан бууп коёт. Колкодон кекиртеги менен өпкө-боору суурулат. Өтү чебер алынат, жүрөгү тилинет. Ал суу менен таза жуулуп, ала баканга кыстарылат. Ичегилери өзүнчө табакка салынып, ичеги-карын артуучулардын колуна өтөт. Ага муздак суу куюп алышат, бат жана таза артуу үчүн. Бөйрөк майынан кийин ички канды өзүнчө куюп алса ал быжыга керектелет. Түктүү сандарды ажыратуу башталат. Бул «санын-сан, колун-кол кылуу» деген түшүнүктү берет. Колун бузуу үчүн кара кабыргадан бешти бөлүп, каржиликти илмектеи кабырга менен кармап, акырек аркылуу бычакты жиретип, моюн этин калтырып, кабыргаларды бычактын учу менен этиеттеп сөгөт. Ошондо койдун бир колу чыгат. Анда каржилик, күң жилик, далы, боконо, кара кабыргалар болот. Экинчи колду сөгүүдө ушул жол кайталанат. Санды чыгарууда көтөн чучукту оюп алып, аны менен бирге табарсыкты, жатынды сыйрыйт. Мында эки жамбаштын ашташкан жерин чыгарып, куймулчактын чети аркылуу өтүп, жото жиликке карчыганын бүлкүлдөгүн калтырбай кармап омкорот. Ошондо сан экиге ажырайт да, куймулчак карчыгада калат. Аны түбүнөн кесип алат. Карчыга чыгаруу - анын эки канатын кыр арканын эки тарабындагы этти түбүнөн алат. Ал үчүн карчыганын кабыргаларын бычактын учу менен сөгөт. Анан кыр арка муунактала бөлүнүп, жетим аркадан ажырайт. Моюн арка моюн менен бир болот. Эт бузуу _ чийки эттерди он эки мүчөгө бөлүү. Жиликтөө: казанга салууга даярдоо. Мында да касапчынын чеберчилиги билинет. Ал жиликтердин эттерин бири-бирине ооштурбайт. Ар бир мүчөнүн өзү бөлүнө турган оңтойлору бар. Эт бузуу колдон башталат. Абалы каржилик, күң жилик, далы ойдогудай алынганда боконо менен кара кабыргалар калат. Сан жиликтерден биринчи жото жилик кашка жиликтен, жамбаш кашка жиликтен ажыратылат. Моюндан моюн арка ажыратылып, кийин моюндун эти менен сөөктөн кесилип, моюн менен бирге болот. Баш моюндан санды чыгарган соң кесилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]