Жандын денеден бөлөк сакталышы

Википедия дан

Жандын денеден бөлөк сакталышы — элдик оозеки чыгармаларда айрым кейипкерлердин жаны өзүнүн денесинен тышкары башка нерселерде жан-жаныбарларда, буюмдарда болуп, каармандын өлбөстүгүн айгинелеген көркөм ык. Мисалы, "Эр Төштүк" эпосунда Төштүктүн жаны өгөөдө. Бул мифтик мотив түрк-моңгол жана башкалар дүйнө элдеринин жомокторунда кеңири учурайт. Байыркы адамдардын магиялык күчкө болгон ишениминен пайда болгон Ж. д. б. с. "Манас" эпосунда да орун алган. Манаска каршы согушкан Күйөнүш аярдын жаны башка жакта:

Күйөнүштүн өз жаны

Кара курт деген куш экен.

Жакындабай жанына

Жарым таш жерде турчу экен (Курама варианты, 1. 161).

Күйөнүштү "Канча туурап салса да, Кайтып болот ажыдаар". Күйөнүштүн жаны сакталган Кара курт деген кушту эр Камбар мылтык менен атып түшүргөндө гана ал өлөт. Ж. д. б. с. эпосто жомоктук-мифологиялык кейипкер Көңгөй дөөнүн образына байланыштуу да учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4