Мазмунга өтүү

Жантай Баатыр

Википедия дан
Жантай Карабек уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Жантай Карабек уулу - (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – белгилүү инсан, саясатчы сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап.

Жантай Баатыр
Жантай Баатыр
Тагай конфедерациясы
1818 — 1833
 
Каза болгон жылы: 1867 жыл(1867)
Уруусу: Сарыбагыш уруусу
Кесиби: Баатыр


Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы менен жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842–55-ж. түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-ж. Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан менен бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүр­гүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-ж. октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жандай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-ж. Байтик Канай уулунун чакыруусу менен келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары менен Токмок чебин басып алган. 1864-ж. Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар менен орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан жана Манапбайлар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда турушат.[1]

1854-жылы Ормон хандын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын жана анын он колу Жамансарынын(Кенже) таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.

Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам".

Жантайга Кокон төбөлдөрү да урматтоо менен мамиле жасашкан. 1863-жылы алардын бирөө жөнөткөн катында: "Бардык көчмөн элдер Кокон өкмөтүнө баш ийишти" деп жазып, Жантайды минтип жекирет: "Бирок, сиз, кадырлуум, бир барак кат жазып койбодуңуз, биз буга абдан таң калуудабыз". Хандыктын күчүн жана кадыр-баркын көрсөтүү үчүн сарыбагыш манабына андан ары минтип жазат: "Бизге жарашып-тил табышуу менен Кытай ханы жана Бухара падышасынан элчилер, ошондой эле Сирвандан Каратегиндер, Шатар жана Саябздан, Хитай жана Кыпчак урууларынын бектеринен адамдар келишүүдө"... Андан ары катта эскертуу айтылат: "Ислам үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүп чыгуудан башка арга калган жок, биз жаздын келери менен бардык аскерлерибиз жана курал-жарактарыбыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди бошотуу үчүн жөнөйбүз. Сиз кеңешүүгө жана ырайым алууга эртерээк келүүңүз керек". Кокон хандыгы ашкере убадаларды берүү менен Жантайды орустарга каршы жүрүшкө тарткысы келген.

1860-жылы Бишкектеги кокондук бийлик башчысы Атабек датка Жантайга кысым көрсөтүү үчүн каармандыгы жана курчтугу менен атагы таш жарган анын жыйырма жаштагы уулу Шабданды барымтага алган. Чындыгында сарбагыштардын келечекте Россиянын коргоосуна өтүп кетиши жөнүндө ой Кокон хандыгын тынчсыздандырган. Кокондо Шабданды эркелетишип, Малла хан ага алтын жалатылган кылыч жана мылтык, ошондой эле жибек чепкен тартуулаган.

Кыргыздын тектүү өспүрүмү 1860-жылы Узун-Агачта жакшы куралданган орус армиясы менен болгон хандын аскерлеринин салгылашуусун өз көзу менен көргөн. Кокон сарбаздары чабуулдун башталышында эле орус замбиректеринин добулдай бүрккөн огуна дуушар болуп, үрөйлөрү учуп качып жөнөгөн. Бул салгылашуу кокондуктардын Тундук Кыргызстандагы үстөмдүгүнө чек койгон. Кыргыздар хандыктын Россияга каршы туралбасына көздөрү жеткен. Коконго кандайдыр бир ылымдашууга негиз жок болучу. Кысым көрсөтүүдөн, тынымсыз салык алуудан, ошондой эле талап-тоноодон башка ал жактан эчтеке келчу эмес. Таразанын ташы Россияга ооп турган. Бул Жантай Карабеков менен анын уулу Шабдандын кийиңки жолун аныктаган. Алар ушул жолду тандап алуу менен, эч качан олку-солку болушкан эмес. Жантай Карабеков тарабынан уулуна берилген эстафета ишенимдүү колдо болгон.

Бугу, сарбагыш, саяк ж.б. уруулардын ар бир жолку россиялык бийликке кайрылуусунун, албетте, жергиликтүү, кээде уруулук тар мүнөздөгү себептери бар эле. Бирок кайрылуулардын бардыгы башка жакка эмес, а Россияга гана жөнөтүлүп тургандыгы көп нерсени билдирген. Россия Ала-Тоонун, бүтүндөй Орто Азиянын саясый турмушунун ажырагыс түйүнү болуп калган. Мына ушундан башталган иштин айныксыз түп-максаты акыр-аягында кыргыздардын тагдыры үчүн тарыхый мааниге ээ болгон. Жантай хандын он колу Жамансары(кее бир маалыматтарда Кенже)аябагандай бай болгон.Анын жылкылары сайдын суусун ичкенде,суу агымы азайчу.

Жамансарынын уч уулу болгон:Ысмайыл,Молдокан,Ысрайыл. Молдокандын эки уулу:Асангул,Эсенгул Асангулдун уулдары: Капар, Сапар[2]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  1. https://sputnik.kg/20220520/kyrgyzstandyn-tuptoluu-taryhy-surotto-1064518899.html
  2. https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/culture/myths-and-legends/35198-legenda-o-kurultae-kyrgyzov.html