Жаныбарлар стили

Википедия дан

Жаныбарлар стили – тератологиялык стиль; алгачкы коомдук түзүлүштүн көркөм искусствосунан келип чыккан, айрыкча көчмөн элдерде (мисалы, алтай скифтеринде) кеңири тараган орнаменттердин бир түрүнүн аталышы. Орто кылымдын кол жазмаларында жана жасалга-колдонмо көркөм өнөрүндө да колдонулган. Чыгыш элдериндегидей эле Европа элдеринде да кеңири тараган. Бул түрдөгү оюм-чийимдерге стилдештирип сүрөттөлгөн жомоктогу айбанаттардын жана куштардын, өсүмдүктөрдүн таң каларлыктай мотивдери мүнөздүү. Жаныбарлар стилинин кайталангыс өзгөчө варианты байыркы орус көркөм өнөрүндө, алгач – славян элдеринин көркөм өнөрүндө, орус китеп миниатюрасында (9–14-к.) кездешет (мисалы, Остромиров инжили, 9–14-кылым; Новгород жана Смоленск кол жазмалары, 14-кылым).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1