Жаныбекова, Кайрыкан Расуловна

Википедия дан
Кайрыкан Расуловна Жаныбекова. 05.4.2018.

Кайрыкан Расуловна Жаныбекова (Kairykan Janybekova; 23.12.1966-ж. туулган) – заманбап кыргыз тарыхчысы, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты. Кайрыкан Жаныбекова енисей кыргыздары, енисей Кыргыз каганатынын тарыхы, кыргыз коомундагы саясий-социалдык, экономикалык жана маданий алакаларын, мамлекеттик-башкаруу системасын, коомдук институттардын өнүгүү жүрүмүн, Энесай кыргыздарынын кошуна элдер жана мамлекеттер менен байланыштарын, дипломатиялык алакаларын изилдеп келет. Енисей кыргыздарынын түз урпактары болгон хакас этнографиялык топтору (качиндер, сагайлар, бельтирлер, кызылдар), тувалар жана алтайлыктардын кыргыздар менен этногенетикалык, этномаданий алакаларын изилдейт. Бул багытта жарыкка чыккан бир катар илимий эмгектердин автору. Кыргыздардын жана Кыргызстандын актуалдуу маселелерине багышталган изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайрыкан Расуловна Жаныбекова,1966-ж. 23-декабрда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Оболу, Ноокат районундагы В.Ломоносов атындагы орто мектептен окуп, андан соң, Араван районундагы Токтогул орто мектебинен билимин уланткан. 1983-ж. аталган орто мектепти аяктаган. 1984-ж. СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине даярдоо бөлүмүнө келип кирген, университетти 1990-ж. “математика” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган. 1990-1999 жж. Бишкек шаарындагы № 50 орто мектепте окутуучу болуп иштеген. Андан кийинки мезгилдерде И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин Чыгыш тилдери жана маданияты институтунда методист, улук методист болуп ишин уланткан.

2004-ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун алдындагы Тарых бөлүмүнө тапшырып, аны “Тарых” адистиги боюнча 2007-ж. аяктаган. Аталган университетте 2008-ж. изденүүчү (соискатель) болуп катталып, енисей кыргыздары, алардын этностук тарыхы, салттуу маданияты, саясий алакалары боюнча илимий проблеманы изилдей баштаган.

Тарых илимдеринин кандидаты К.Жаныбекова учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенип келет.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайрыкан Расуловна Жаныбекова Энесай кыргыздары, Кыргыз каганатынын тарыхы, кыргыз коомундагы саясий-социалдык, экономикалык жана маданий алакаларын, коомдук институттардын өнүгүү жараянын, Энесай кыргыздарынын кошуна элдер жана мамлекеттер менен байланыштарын, дипломатиялык алакаларын изилдеп келет.. Бул маселелерге арналган бир катар илимий макалаларды жана илимий монографияны жарыкка чыгарган. Кайрыкан Расуловна Жаныбекова республикалык, Эл аралык илимий жыйындарда билдирүүлөр менен катышып келет. Ал 2016-ж. “Энесай кыргыздарынын тарыхынын профессор В.Я.Бутанаевдин эмгектеринде чагылдырылышы” аттуу темада илимдин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ошол эле жылы "Профессор В.Я.Бутанаев. Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры." ( – Б.: 2016. - 166 б.) аттуу монографиясы жарыкка чыкты. Илимий жетекчиси: тарых илимдеринин доктору, профессор Т.А.Абдырахманов.

Үй-бүлөлүк акыбалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйөөсү – тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жаныбекова К.Р. Кыргыз-хакас тарыхый -этникалык байланыштарынын башаты //Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Выпуск 2. – Б.: 2005. – С. 59-61.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Кыргыз каганатынын мамлекеттик-башкаруу системасындагы титулатурасы // Ж.Баласагын атындагы КУУнун Жарчысы. - Б.: 2006. 60-68 беттер.
  • Жаныбекова К.Р. Кыргыздардын жана тувалардын этностук-маданий алакаларынын башаты //Вопросы истории Кыргызстана. Научное издание. - № 1. – Б.: 2006. – С. 29-32
  • Жаныбекова К.Р. Ареал распространения этнонима «кыргыз» // Актуальные проблемы истории Саяно-Алтая. - Абакан. 2007. Вып.I. - Вып. 1. – С.208-212.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Саян-Алтай чөлкөмүндөгү “кыргыз” этнониминин таралуу алкагы // Вестник КНУ им. Баласагына. Вып. 7. – Б.: 2008. –С. 85-89.
  • Жаныбекова К.Р. Кыргыздар жана Хакас-Минуса аймагынын фольклору. Изилденүү тарыхы // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2011. - С. 235-237.
  • Жаныбекова К.Р. Хакастардын эс-тутумундагы кыргыздар тууралу маалыматтар // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2012. – С. 53-57.
  • Жаныбекова К.Р.Европа окумуштуулары Энесай кыргыздары жөнүндө // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2012. – С. 57-59.
  • Жаныбекова К.Р. Профессор В.Я.Бутанаевдин изилдөөлөрүндө Энесай кыргыздарынын Жунгарияга сүрүлүшүнүн маселелери // Вестник КНУим. Ж.Баласагына. Ч.2. - Б.: 2012. - С.182-186.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Хакастар жана алардын этностук курамынын бүгүнкү абалы // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Ч. 2. - Б.: 2012. - С. 187-191.
  • Жаныбекова К.Р. Профессор В.Я.Бутанаев - учёный-кыргызовед // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2013. – С. 59-61.
  • Жаныбекова К.Р. Хакастарды социалдык турмушу: кыргыздар менен тарыхый-этникалык байланыштары // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2013. – С. 59-61.
  • Жаныбекова К.Р., Жалиева Б.С. Кыргыздар жана Түштүк Сибирь элдеринин сүт азыктарынан даярдалган тамак-аштары [хакастар, тувалар, түштүк алтайлыктар] // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2013. –С. 59-61.
  • Жаныбекова К.Р. Жер-суу аталыштары: Түштүк Сибирь жана Кыргызстан // Вестник КНУ им. Ж.Баласагына. Специальный выпуск. - Б.: 2014. – С. 139-142.
  • Жаныбекова К.Р. Кыргыздардын жана хакастардын үй бүлө мамилелериндеги жалпылыктар // Кыргыз Каганаты түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн алкагында. – Б.: 2014. 278-281 беттер.
  • Жаныбекова К.Р. Хакас фольклорунда Энесай кыргыздарынын спорттук оюндарынын чагылдырылышы // Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары. – Б.: 2015. 156-159 беттер.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаева С.К. Ареал распространения этнонима “кыргыз” // “Отан тарихи”. № 4. [72]. - Алматы, 2015. – С. 145-150.
  • Жаныбекова К.Р. Профессор Виктор Яковлевич Бутанаев: инсан, тарых изилдөөчү жана педагог // Энесайлык данакер этнограф. Хакас элинин чыгаан этнографы, т.и.д., проф. В.Я.Бутанаевдин 70 жылдык мааракесине арналган жыйнак. – Б.: 2016. 29-34 беттер.
  • Жаныбекова К.Р. Профессор Виктор Яковлевич Бутанаев и его исследования об Энесайских кыргызах // Виктор Яковлевич Бутанаев. Государство кыргызов на Енисее в древнетюркскую и монгольскую эпохи. – Б.: 2016. – С. 13-18.
  • Жаныбекова К.Р. Профессор В.Я.Бутанаев. Энесай кыргыздары жана алардын тарыхый тагдыры. – Б.: 2016. - 166 б. [монография].
  • Жаныбекова К.Р. XVII к. жана XVIII к. баш чендериндеги “Кыргыз жери” (Кыргыз мамлекети) В.Я.Бутанаевдин изилдөөлөрүндө чагылдырылышы // Международный Форум “Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи (Сборник выступлений и статьей. Бишкек-Чолпон-Ата. 20-22 июля 2017 г.). - Б.: 2017. 126-133 беттер. ISBN 978-9967-15-674-6.
  • Жаныбекова К.Р. Хакас тарыхый фольклору жана Энесай кыргыздары (В.Я.Бутанаевдин этнографиялык изилдөөлөрүнө саресеп) // Билим жана тарбия. Илимий-педагогикалык журнал.Чыгыш Университети. Efstern Universiti. 3(24), 2017. - C. 292-301. İSSN 1694-5468.
  • Жаныбекова К.Р. Энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тарыхый, этностук-маданий жалпылыгынын В.Я.Бутанаевдин эмгектеринде чагылдырылышы // Имел Молдобаев жана заманбап кыргыз этнографиясы. Кыргыздын көрүнүктүү этнографы жана манастаануучусу профессор И.Б.Молдобаевдин 75 жылдыгына арналган илимий конференция. Кыргыз Улуттук илимдер академиясы. 18.04.2017. - Бишкек, 2017. - 69-74 беттер. - ISBN 978-9967-32-230-1.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. "Манас" үчилтигинин Түркияда изилдениши//Tanri Daglarının Anadoludaki ilk pröfessor kızı. Bengü. Ankara, 2018. -S.209-217. ISBN: 978-605-9148-82-5. 
  • Janıbekova K.R.,Karatayev O.K. Halk Bilimi Kaynaklarına göre Anlatılar Çerçevesinde Kırgız ve Oguzlar arasindaki Tarihi Etnik İlişkiler.  Millî Folklor 119 (Güz 2018):  S.17-30.
  •  Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Фергана жана Памир кыргыздары XIX к. аягы – XX к. баш чендеринде // Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз М.Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу Эл аралык илимий жыйындын материалдары. –Б., КМУ. 23.11. 2018. 141-152 беттер. ISBN 978-9967-12-767-8.
  • Жаныбекова К.Р. Кыргыздар жана хакастар: социалдык алакалардагы жалпылыктар// Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз М.Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу Эл аралык илимий жыйындын материалдары. –Б., КМУ. 23.11. 2018. 236-239 беттер. ISBN 978-9967-12-767-8.
  • Жаныбекова К.Р. Хакас ишенимдериндеги бөрү //Тарыхчы жана публицист Т.Чоротегиндин (Чороевдин) 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин”. Эл аралык конференциянын материалдары. -Бишкек, 2019. –С.143-147. ISBN 978-9967-15-949-5.
  • Жаныбекова К.Р. Монголдордогу Бөрү культу // Ғалым-этнограф Б.К. Қалшабаеваның 60 жасқа толуына арналған «Ұлы дала кеңістігіндегі этноархеологиялық зерттеулер мен этносаралық қатынастар мәселесі» атты халықаралық ғылыми-әдістемелік конференция материалдары / жауапты ред. Р.С. Жуматаев. – Алматы: Қазақ университеті, 2020. -С. 112-117. ISBN 978-601-04-5128-5.
  • Жаныбекова К.Р. Каратаев О.К. Талас (Атлах) салгылашуусунун Түркиялык тарых изилдөөчүлөрүнүн эмгектеринде чагылдырылышы // Talas Savaşı ve tarihi önemi. Таласа салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси. İstanbul, 2022. S. 295-305.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Хакастардын ишенимдериндеги Бөрү // Ж.Ж.Жакыпбековдун 75-жылдыгына арналган "Кыргызстандын тарыхынын жана тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциянын макалаларынын жыйнагы. Труды факультета истории и регионоведения КНУ им. Ж.Баласагына. № 12. Атайын чыгарылышы. Бишкек, 2022. -С. 198-204. İSBN 9967-02-217-5.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Бөрү культу жана "эркектер союздары" // ЖАМУнун Жарчысы. 2022. Серия. Филология. История. № 3. 53-61 беттер.
  • Жаныбекова К.Р., Каратаев О.К. Алай кыргыздарындагы кымыз ичүүнүн эзелки “үлүш” салтынын келип чыгышы, мааниси. “Эркектер союздары” // Известия Национальной Академии наук Кыргызской Республики. - № 3. 2023. - С.116-139. İSSN 0002-3221.

шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]