Жаныбеков Залкарбек Жаныбекович
Жаныбеков Залкарбек Жаныбекович
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаныбеков Залкарбек Жаныбекович (1-январь, 1984-жыл, Кыргыз ССР, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району, Казарман айылы) — мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймактык Казарман округу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер (2024-ж.).
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өмүр-баяны
Жаныбеков Залкарбек Жаныбекович, 1984-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району, Казарман айылында туулган. Мектепке 1991-жылы кирип, 2001-жылы Казарман орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.
Мектепти аяктагандан кийин, 2001-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин Экономика факультетине кирип, Эсеп-кысап, талдоо жана аудит багытында билим алган. Сырттан окууну улантып, 2007-жылы экономист кесибин алган.
Эмгек жолу
Эмгек жолун 2002-2003-жылдары Каргалык айыл өкмөтүндө салык инспектору болуп баштаган. 2003-жылы Тогуз-Торо райондук архитектурада башкы бухгалтер болуп иштеген. 2003-2006-жылдары Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгында башкы экономист катары эмгектенген. 2006-жылы «Макмалалтын» комбинатында ОВВО бөлүмүндө 1-аткычы болуп кызмат өтөгөн, андан соң 2006-2007-жылдары эсеп бухгалтери болуп иштеген. 2007-2011-жылдары «Макмалалтын» комбинатында автотранспорт цехинде башкы диспетчер катары иштеген. 2011-2018-жылдары «Макмал» руднигинде жардыргыч заттарды таркатуучу болуп эмгектенген. 2020-2021-жылдары «Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу» мекемесинин башкы бухгалтери болуп, 2021-жылдан бери ошол фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келет.
Үй-бүлө
Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.
Шайлоо алдындагы Программасы
Социалдык тармак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган жакыр жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жардамга муктаж балдарга социалдык жардам көрсөтүү максатында, айылдын демилгечи тургундары менен биргеликте иштер жүргүзүлөт. Бул иштердин алкагында материалдык жана финансылык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан мүмкүн болгон жардамдарды аныктап, тактап берүү пландалган.
Социалдык объекттердин (саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт) туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтү тарабынан берилчү материалдык жана акчалай жардамдардын даректүү жетишүүсү үчүн үзүрлүү иштер жүргүзүлөт.
Экономикалык тармак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана депутаттар менен биргеликте ишкерлик чөйрөсүн кеңейтүү үчүн атайын стратегиялык иш план түзүлөт. Бул планда киреше берүүчү долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу, ички инвесторлорду тартуу, ошондой эле киреше берүүчү цехтерди жана өнөктөштүктөрдү түзүү боюнча иштер каралат.
Айылдык кеңештин токтомунун негизинде жеңилдиктерди берүү, иш орундарын түзүү жана ФИСтин жерлерин конкурсттук же аукцион аркылуу берүү боюнча айыл өкмөтүнө сунуштар берилет. Ошондой эле бюджетти жогорулатуу жолдорун изилдөө пландалууда.
Ирригация тармактарын жакшыртуу максатында, сугат тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо өткөрүлөт.
Андан тышкары, айылдын ичинде бардык көчөлөрдү ысык асфальт менен жаңылоо жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Экологиялык тармак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. "Таза коом – таза жашоо" программасынын негизинде, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде атайын иш план түзүлөт.
Калкка тиешелүү көйгөйлүү маселелердин бири таштандыны кайра иштетүүнү колдоо болуп саналат. Мамлекеттик деңгээлде экологиялык таза шарттарды камсыздоо боюнча "Таза суу" программасынын алкагында иштер жүргүзүлөт.
Калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы планын жана деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле калктуу конуштардын шаар куруу документтерин жаңылоо үчүн айыл өкмөтү менен биргеликте иштер жүргүзүлөт.
Урааны
Бүгүнкү кадам - эртеңки келечек үчүн!