Жаныбеков Чабалдай

Википедия дан

Жаныбеков Чабалдай (6.7.1930-ж. туулган, Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1992), профессор (2001), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). КМПИни бүтүргөн (1951). 1951–53-ж. Нарын мамлекеттик мугалимдер институтунда улук окутуучу, 1953–67-жылдары Кыргыз мамлекеттик аялдар пединститутунун улук окутуучусу, доценти, деканы, кафедра башчысы, 1967-жылдан Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер, 1975–2008-ж. чейин КР УИАда лаборатория башчысы. 2008-жылдан ошол эле жерде башкы илимий кызматкер. Колдонмо математика жана механика боюнча адис. 220дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 7 окуу китебинин жана терминологиялык сөздүктөрдүн автору. Билим берүүнүн отличниги. Даңк медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1