Жаныма тегиздик

Википедия дан

Жаныма тегиздик – S бетиндеги берилген M чекити аркылуу өтүүчү тегиздик. Тегиздиктен алынган M1 чекити M чекитине умтулганда, бул тегиздиктен M1 чекитине чейинки аралык MM1 аралыгына салыштырмалуу чексиз кичине чоңдук болот. Эгер S бети z=f(x, y) теңдемеси менен берилсе жана f(x, y) функциясы (x0, y0) чекитинде толук дифференциалга ээ болсо, жаныма тегиздиктин M (x0, y0, z0) чекитиндеги теңдемеси төмөнкүчө жазылат: z-z0= A(x-x0)+B (y-y0). Мында z0=f (x0, y0), A жана B тиешелүү түрдө dfd f,. — менен —— жекече туундуларынын (x„,) чекитиндеги маанилерине барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]