Жан-булак кум-шагыл кени

Википедия дан

Жан-булак кум-шагыл кениНарын районунда, Нарын шаарынан 20 км батышта, Жан-Булак кыштагынан 1,5 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 2050–2100 м бийикте жайгашкан. 1976-ж. Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Төр­түнчүлүк мезгилдин аягында пайда болгон кум-шагыл катмары Нарын дарыясынын биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү тектирин түзөт. Кум-шагылдын жалпы калыңдыгы аныкталган эмес, изилденген калыңдыгы 4–15 м. Кум-шагылды жаап турган кумайлуу топурактын калыңдыгы 0,1–2,4 м. Орточо гранулометрлык курамы: 500–70 мм – 43,2%, 70–5 мм – 42%, 5 ммден май­дасы –14,8%. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон алууга жарамдуу. Бекитилген запасы: А – 1394 миң м3, В –2427 миң м3, С1 –6556 миң м3, С2–1021 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1