Жан Кальвин

Википедия дан
Жан Кальвин.

Жан Кальвин (Француз тили Ковен), 10.7.1509-27. 5.1564) - кальвинизмди негиздөөчү, реформация ишмери.

  • Ири чиркөө кызматчысынын үй-бүлөсүнөн.
  • Диний жана укук билимин алган. Л. Лютердин диний угутунун таасири менен протестантизмге ооп, 1533-ж. католик чиркөөсүнөн баш тарткан.
  • Францияда протестанттарды куугунтуктагандыктан 1534-ж. Базелге качкан.
  • 1536-ж. анын «Христиан дининдеги нускоо» деген дин окуусунун жаңы системалуу баяндамасы (адегенде латын, кийин француз тилинде) чыккан.
  • Кальвин 1541-ж. Женевага келип, өмүрүнун акырына чейин жашаган да, протестантизмдин жаңы багытын-кальвинизмди ишке ашырган.
  • Кальвиндин таасири менен женевалык магистрат чиркөө уюмунун жаңы формасын кабыл алган.
  • Кальвин католицизмге, о. эле элдик реформациячыл агымдарга каршы турган, аларды жактоочуларды кудайсыздар деп күнөөлөгөн. Анын окуусуна каршы чыккандар куугунтукталган, өлүм (өрттөө) ж. б. жазага тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.