Жапайычылык
Көрүнүш
Жапайычылык - Л.Моргандын классификациясы боюнча адам- зат тарыхынын өнүгүүсүнүн алгачкы этабы. Азыркы көз караш боюнча жапайычылык антропогенез жана уруулук түзүлүштүн баштапкы мезгилин (археологияда - палеолит жана мезолит) камтыйт. Бул мезгилде адам баласы тарабынан таштан эмгек куралдары жасалган, ташты иштетүү технологиясы ачылган, карапачылык өздөштүрүлгөн, от тутандыруунун жана пайдалануунун түрдүү жолдору табылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4