Жапан (эл)

Википедия дан

Жапанэтноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга ашка келе турган элдердин арасына кошуп, Ж. деген элди да чакырууну буюрат:

Кытайдан качып кыйла журт

Жапан болуп калыптыр

Жайы жакшы болуптур,

Жапан атка конуптур (Сагымбай Орозбаков, 3. 94). Контекст боюнча Ж. Кытайга жакын турган эл. Демек, Ж. деп манасчы япондорду (жапондорду) белгилеген. Бул этноним "Манаска" эки себептен кирип калышы мүмкүн. Биринчиден, Ж. журту менен Борб. Азиянын аймагындагы Амур дарыясына чейин жеткен эне-сайлык кыргыздардын байыркы кылымдарда болгон маданий байланыштарынын бир булагы эпосто чагылдырылып калышы ыктымал. Экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун өзүнүн ой өрүшүнүн негизинде кошулган, башкача айтканда айтуучунун эпоско кошкон жекече үлүшү катары кароого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4