Жапаркулов Сайымбек

Википедия дан

Жапаркулов Сайымбек (1938, Үлгү айылы - 1999-ж. Кожомкул кыштагы) - дасыккан эл агартуучу, жетекчи кызматкер.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1961). Эмгек жолун Нарын облусунун Жумгал районундагы Көл-Арык орто мектебинде тарых мугалими болуп баштаган.

Кийинчерээк Нарын шаарында кесиптик билим берүүчү окуу жайында директордун орун басары, 1965-68-жылдары Калинин районундагы «Тельман» атындагы мектепте мугалим, 1969-ж. 8-Март кыштагындагы С. Мырзакматов атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1972-77-жылдары мектеп директору болуп иштеген. 1977-жылдан өмүрүнүн акырына чейин аскердик башталгыч даярдык боюнча жана тарых мугалими болуп эмгектенген.

1974-ж. «Эл агартуунун отличниги» наамы ыйгарылган. Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9