Жапаров Калачы

Википедия дан

Жапаров Калачы (1948–1986) - жазуучу, сатирик.

Калачы Жапаров 1948-жылы 10-июнда Жумгал районунун Кайырма айылында туулган.
Айыл мектебинде окуган, 1971-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн жана анык аскер кызматына жиберилген, ал жерде өмүрүнүн аягына чейин болгон.
70-жылдын аягынан тартып анын чыгармалары басыла баштаган. Биринчи «Уруксат этиңиз!» аттуу аңгемелер жыйнагы 1981-жылы жарык көргөн. Үч аңгемелер жыйнагынын автору, «Хризантемы у тюремной стены» жана «ЦРУ против СССР» деген китептерди кыргыз тилине авторлош болуп которгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Сөзүм бар, уруксатпы?: Аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1981. – 144 б.

Кадырыңыз жан болсун: Сатиралык аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1984. – 172 б.

Келген сөздү келин айтат: Сатиралар.– Ф.: Кыргызстан, 1987. – 200 б.