Жапиев Жылкычы

Википедия дан

Жапиев Жылкычы (1943-) - жазуучу, акын.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылкычы Жапиев 1943-жылы 10-майда Жайыл ооданынын Сары-Булак айылында туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуган.
Эмгек жолун 1960-жылы Эриктүү сегиз жылдык мектепте мугалим болуудан баштаган.
1963–1966 жылдары Кеңештик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1967-жылы Калинин маданият оодандык бөлүмүндө автоклубдун башчысы.
1971–1981 жылдары «Кыргызстан» басмасында кенже редактор, редактор, улук редактор, редакция башчысы, башкы редакторлук кызматта,
1982-жылдан «Ала-Тоо» журналынын бөлүм башчысы, 1992-жылдан «Учкун» АКысынын редактору болуп эмгектенген.
Чыгармалары 1970-жылдан мезгилдүү басма сөздөргө басыла баштаган. Алгачкы «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы 1971-жылы жарык көргөн.
Ж.Жапиев А.Гриндин жомокторун, вьетнам элдик жомокторун ж.б. которгон.
1984-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Сагыныч: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 30 б.
  • Каркыралар: Новеллалар менен повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 135 б.
  • Жамгыр бийи: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 188 б.
  • Көк жээк: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 186 б.
  • Айыл баяны: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 176 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Африка акындарынын ырлары: – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 98 б.
  • Таң жергеси: Өзбек жазуучуларынын аңгемелери. – 1976 ж.
  • Грин А. Кыргыйдын баяны. – Ф.: Мектеп, 1980. – 32 б.
  • Ханзада Иван менен карышкыр: Жомок – Ф.: Мектеп, 1984. – 25 б.
  • Сыйкырдуу бермет: Вьетнам эл жомогу. – Ф.: Мектеп, 1985. – 32 б.
  • Грин Александр. Кыргыйдын баяны: Болгон окуя. 2-бас. – Ф.: Адабият, 1990. – 24 б.